Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Румыниянын президенти Ион Илиеску Казакстанга иш сапар менен келди


Бүгүн Астана шаарында казак жана румын президенттери Нурсултан Назарбаев менен Ион Илиеску эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча келишимге кол койду. Илиескунун айтымында, Казакстандын мунайын иштетип, аны эл аралык базарга чыгаруу иштерине Румыния да катышууда жана анын бул тармакка жасаган инвестициялары 200 миллион долларга жетет. Андан тышкары Астанада уюшкан кылмыштуулукка, баңгиликке жана эл аралык террорчулукка каршы күрөшүү боюнча да келишимдерге кол коюлду. Бүгүн кечинде Илиеску Караганды шаарында Сталин доорунда депортацияланган румындарга арналган эстеликти ачты.

XS
SM
MD
LG