Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ооганстанда Ахмад Шах Масуд эскерилүүдө


Ооганстанда бүгүн белгилүү аскербашы Ахмад Шах Масуддун өлтүрүлгөнүнүн эки жылдыгы белгиленүүдө жана Кабул шаарында кара желектер илинди. Шаардык стадионго болсо миңдеген адам чогулуп, алардын алдында президент Хамид Карзай чыгып сүйлөдү. Улуту боюнча тажик Масуд бир нече жыл бою Талибанга каршы күрөшүп, антиталибдик коалицияны жетектеген. 2001-жылдын 9-сентябрында Ахмад Шах Масудга эки араб журналисти интервью алууга келгенде, алар кошо ала келген видеокамера жарылып кеткен жана Масуд менен кошо журналисттер өздөрү да курман болгон. Журналисттерди аскербашыга "Ал-Каида" уюму жиберген деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG