Бүгүн Пхеньян шаарында Түндүк Кореянын 55 жылдыгы белгиленип, президент Ким Чен Ир аскерий парад кабыл алды. Кээ бир эксперттердин айтымында, өлкөдө өндүрүлгөн жаңы күчтүү ракета дагы парад учурунда көрсөтүлмөк, бирок андай болгон жок. Парадда өлкөнүн аскерий ордосунун башчысы генерал Ким Ен Чун чыгып сүйлөп, өзүн өзү коргоо максатында Түндүк Корея өзөктүк курал өндүрүү иштерин уланта берет деп билдирди. Кээ бир маалыматтарга караганда, өлкөдө бир-эки атом бомбасы өндүрүлгөн жана жакын арада дагы өндүрүлөт. Август айынын аягында Бээжин шаарында АКШ, Жапания, эки Корея, Кытай жана Орусия ортосунда бул маселе боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктаган.