Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Бириккен Улуттарда бүгүн Ливия боюнча чечим кабыл алынаары күтүлүүдө


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши бүгүн Ливия тууралуу чечим кабыл алаары күтүлүүдө. 1988-жылы Шотландиянын үстүнөн учуп бараткан америкалык учак жарылып, анын ичиндеги 270 жүргүнчү курман болгондон кийин, Ливияга каршы эл аралык чектөөлөр жарыяланган. Жакында Ливия өлгөн ар бир адамдын туугандарына 10 миллион доллардан кенемте төлөөгө макул болду жана эми чектөөлөрдү алып салуу сунушталууда. Анткен менен Франция жаңы чечимге каршы добуш бериши мүмкүн, анткени 1989-жылы бир франциялык учак дагы жарылып, анын ичиндеги 170 жүргүнчү курман болгон. Ал террор аракетин дагы ливиялык тыңчылар ишке ашырган деп күнөөлөнүүдө жана Франция алар үчүн дагы кенемте акча талап кылууда.

XS
SM
MD
LG