Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Палестинанын премьерлигине көрсөтүлгөн Ахмед Куреи ал кызматка макул боло элек


Төрага Ясир Арафат тарабынан Палестина автономиясынын жаңы премьер-министрлигине сунушталган Ахмед Куреи азырынча ага өз макулдугун бере элек. Куреинин айтымында, эгер аймакта Израилдин үстөмдүгү мурдагыдай эле улана берсе, ал премьерлик кызматтан баш тартат. Анын пикиринде, анын талапкерлигин АКШ дагы колдоого тийиш, төрага Арафатты саясий обочодон чыгаруу керек, Израил болсо араб согушкерлерин кармап-өлтүрүүнү токтотууга тийиш: "Андай өлтүрүүлөрдү Израил токтотуусун талап кылам. Алар үйлөр менен башка имараттарды кыйратып, палестиндерди өлтүрүп жатканда мен иштей албайм жана сунушту кабыл албайм. Бул кызматта тынчтык үчүн иштеш керек". Жөөт аскерлери болсо түндө Йордан дарыясынын батыш жээгине дагы бир чабуул жасап, бир жаш арабды атып өлтүрдү.

XS
SM
MD
LG