БИШКЕК. «Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүнүн келечеги» аттуу долбоор ишке кирди. Бул тууралуу «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Туризм ассоциациялары конгрессинин, туроператорлордун, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү маалымдашты. Долбоордун алкагында бул тараптар жыл этегине чейин тармакты өнүктүрүүнүн концепциясын чогуу иштеп чыгышат. Мындан тышкары, маалымат берүүчү иш-чаралар өткөрүлүп, Кыргызстандагы туризм тармагынын жаңы стандарттары аныкталат. Эл аралык уюмдар менен бирге өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун механизми иштелип чыгат. «Сорос-Кыргызстан» фонду колдоо көрсөтүп жаткан бул долбоорду ишке ашырууга бардык бийлик органдары, тиешелүү ишкер чөйрөлөр көмөктөшөт. Ал жемиштүү ишке ашса, туризм тармагын өнүктүрүүнүн андан аркы багыттарына байланышкан жаңы долбоор сунушталат.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов