Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:22

Улуу Британиянын парламенттик делегациясы Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүдө


БИШКЕК. Улуу Британиянын Джим Казнс баштаган парламенттик делегациясынын мүчөлөрү бүгүн президент Аскар Акаев жана аларды мейманга чакырган Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугушту. А. Бөрүбаевдин «Азаттыкка» берген маалыматка караганда, делегациянын башкы максаты – парламент жана өкмөт аралык өз ара кызматташтыкты, илимий жана маданий карым-катнашты чыңдоо. «Британиялыктар Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигине көмөк көрсөтүүнү пландаштырышууда. Анын баары билим берүү жана маданият министри менен бул делегациянын эртеңки жолугушуусунда маалымдалат», - деп кошумчалады Алтай Бөрүбаев. Эл өкүлдөр жыйынынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, британ парламентинин өкүлдөрү өкмөт башчысы Н. Танаев менен жолугушуп, Ош облусуна барышмакчы.

XS
SM
MD
LG