Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Адам укуктары боюнча кыргыз комитети жакынкы күндөрү кайра каттоодон өтөт


БИШКЕК. «Жакынкы күндөрү Болот Тыналиев баш караган Адам укуктары боюнча кыргыз комитети кайрадан каттоодон өтөт», - деп билдирди бүгүн «Азаттыктын» кабарчысына юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев. Быйыл 25-августта өздөрүн комитеттин мүчөсү катары эсептеген бир нече киши жыйын өткөрүп, комитеттин төрагасы Рамазан Дырылдаевди кызматтан түшүрүп, анын ордуна Болот Тыналиевди шайлашкан. Рамазан Дырылдаев да, Болот Тыналиев да өздөрүн ушу тапта комитеттин мыйзамдуу төрагасы катары эсептешет.

XS
SM
MD
LG