БИШКЕК. АКШ президент Аскар Акаевдин келээрки президенттик шайлоого өз талапкерлигин койбой тургандыгы тууралуу билдирүүсүн кубаттайт. АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Стивен Янг бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен болгон жолугушууда ушундай пикирин билдирди. Элчи өз сөзүндө муну «Кыргызстанда демократия орнотууну көздөй жасалган чоң кадам» деп баалады. Ушул эле жолугушууда Стивен Янг терроризмге каршы күрөш үчүн Эл аралык антитеррордук коалициянын Ганси авиабазасын Кыргызстанга жайгаштыруу тууралуу сунушту колдоп бергени үчүн кыргыз парламентине ыраазычылык билдирди. Элчи бул база Кыргызстандын аймагында убактылуу гана болоорун белгиледи. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, өз кезегинде, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө АКШнын берген жардамын жогору баалады.
Жаңы элчинин ишке киришкенине байланыштуу болгон бул жолугушууда экономикалык карым-катыш маселелери да талкууланды. АКШнын Кыргызстандагы бешинчи элчиси Стивен Янг президент А.Акаевге ишеним грамотасын 26-августта тапшырган.