Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

Чеченстан минадан өлгөндөрдүн саны боюнча 2002-жылы дүйнөдө биринчи орунга чыкты


Чеченстанда өткөн жылы жер минасынан дүйнөнүн башка жерлерине караганда көп адам мерт болгон.
Жер миналарын пайдаланууну тыйуу боюнча эл аралык кампания өкүлдөрү кечээ билдиргенге караганда, былтыр Чеченстанда минадан 5695 адам өлгөн же жараат алган. Бул көрсөткүч 2001-жылы 2140ка барабар болгон.
Ооганстан мина коркунучу боюнча Чеченстандан кийинки экинчи орунда турат.
Өткөн жылы Ооганстанда 1445 адам минага кабылып набыт болгон же жараат алган. Бул 2001-жылга салыштырганда 159га аз деп көрсөтүлөт билдирүүдө.
Бүгүнгө чейин Россия, АКШ жана башка бир катар өлкөлөр жер миналарын колдонууну мыйзамсыз деп тааныган 1997-жылкы келишимге кошулуша элек.

XS
SM
MD
LG