Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Иракта АКШлык аскерлер башындагы коалициялык күчтөргө кол салуулар уланууда


Ирактагы АКШлык күчтөрдүн бүгүн маалымдашынча, Түндүк Ирактын Арбил шаарында кечээ шамдан кийин автомобилге коюлган бомба жарылганда бир адам өлүп, 53 киши жараат алган.
Жарадар болгондордун бешөө АКШнын коргоо министрлигинин кызматкерлери.
Муну менен Иракта акыркы беш жумада бешинчи ирет автомобилге коюлган бомба жарылды.
Кечээ күнү башка бир чабуулдан америкалык бир жоокер окко учту. Аны менен 1-майда Иракта ири салгылашуулар токтоду деп жарыялангандан бери өлкөдө өлгөн АКШлык аскерлердин саны 68ге жетти.
Бүгүн Ирактын түштүгүндө даниялык күчтөрдүн штабы ракетадан аткыланды. Даниялык аскер командачылыктын билдиришинче, ракета штабдан алыс түшүп, эч ким жабыркабады.
Каирде бүгүн Араб Лигасына мүчө 22 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин эки күндүк жыйыны аяктады. Жыйынга Ирактын убактылуу тышкы иштер министри Хошияр Зебари да катышты. Министрлер саммит соңунда Ирактын мурдакы президенти Саддам Хусейндин бийлиги тушундагы адам укугун бузууларды айыптаган резолюция кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG