Палестин парламентинин төрагасы Ахмед Корайи автономиянын премьер-министри болууга макулдугун берди. Ал мындай сунушту кабыл алганын Палестинанын лидери Ясир Арафат менен болгон кездешүүдөн кийин жарыя кылды:
- Бүгүн төрага Арафат мени чакырып, өкмөттү түзүүмдү катуу талап кылды. Мен кризис жана проблемалар менен бетме-бет чыгуу үчүн ага макулдугумду бердим. Мен макул болдум. Мен тобокелчиликке барам, мен жоопкерчиликти өзүмө алам.
Арафат премьерликти Корайиге өткөн аптада Махмуд Аббас өкмөт башчылыктан өз ыктыяры менен кеткенден кийин сунуш кылган.