Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Оштогу акционердик коом Кабулда завод иштетүүгө катышууда


ОШ. Оштогу «Акташ» акционердик коомунун катышуусу менен Ооганстанда түзүлгөн «Дельта Интернешнл» биргелешкен ишканасы бүгүн Кабулда шагыл заводун ишке киргизди. Ишкананын ачылыш салтанатында завод жылына 200 миң куб. метр таза шагыл жана кум өндүрөөрү, алар жогорку сапатта болгондуктан жалаң бетон иштерине керектелээри айтылды. Согуштан кийинки калыбына келтирүү иштери үчүн ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп беришкен кыргызстандык ишкер Эмилбек Касымалиев менен ооганстандык ишкер Гульям Сахиге жергиликтүү элдин өкүлдөрү ырахмат айтышты. Азем өткөрүлгөн күнү эле шагыл заводунун продукциясын керектөөчү 14 фирма менен келишим түзүлдү. Шагыл заводу үчүн Кабулдан 25 гектар жер бөлүнүп берилген. «Дельта Интернешнл» биргелешкен ишканасынын Кабулда курулуп жаткан кыш заводу жаңы жылга жакын ишке берилет. Булар тууралуу маалыматты бүгүн Оштогу «Акташ» акционердик коомунун президенти Эмилбек Касымалиев Ооганстандан телефон аркылуу кабарлады.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG