Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

«Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамдын долбоору парламенттин жалпы отурумунда 6 айдын аралыгында каралат


БИШКЕК Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде президент А. Акаев каршы пикирин билдирген «Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу» мыйзамдын долбоору каралды. Жыйындын катышуучулары президент киргизген алымча-кошумчаларды эске алуу менен мыйзам долбоорун 6 ай ичинде кайрадан Жогорку Кеңештин жалпы отурумунда кароону чечишти. Быйыл 2-февралда өткөн референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык 2005-жылдан баштап өлкөдө бир палаталуу парламент түзүлөөрү, ал эми азыркы кош палаталуу парламент мөөнөтүнүн соңуна чейин өз ишин улантаары белгиленген. Буга байланыштуу быйыл 29-майда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу» мыйзам кабыл алынган. Ага мамлекет башчысы жакында каршы пикирин билдирип, мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке кайтарган.

XS
SM
MD
LG