Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:06

КМШ өлкөлөрүнүн курулуш боюнча өкүлдөрү Кыргызстанда жыйналышты


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте КМШнын Курулуш иштери боюнча өкмөт аралык кеңешинин XIX отуруму башталды. Отурумдун күн тартибине 14 маселе киргизилди. Алардын катарында турак жай курулуштарына, курулуштун ипотека системасына, шаарлардын башкы пландарына, өлкөлөрдүн курулуш стандарттарына байланышкан маселелер бар. Бул күнкү отурумга премьер-министр Николай Танаев катышып, кечке жуук жыйындын катышуучуларын Өкмөт Үйүндө кабыл алды. Отурумдун экинчи бөлүгү эртең Ысыккөлдө уланат. Жолугушуунун акырында жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү багытында КМШ алкагында өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашууга кол коюлушу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG