Орусиялык миллионер Березовскийдин кеңешчиси Владимир Воронковдун айтымында, Британиянын ички иштер министрлиги өз чечими тууралуу кат аркылуу маалымдаган. Расмий Лондон азырынча бул жаңылыкты ырастай элек. Орусия белгилүү миллионерди "көз боёмочулук менен ири суммадагы акчаны кытып кеткен" деген кине боюнча Москвага өткөрүп берүүнү өтүнгөн болчу. Соңку жылдары Лондондо жашап жаткан Березовский өзүнө тагылган кинелер саясий куугунтуктун кесепети деп эсептейт.