Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:00

Канкунда Дүйнөлүк соода уюмунун жыйыны ачылды


Анын ачылышында Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн адилетсиз соода саясатынан улам миллиарддаган адамдар жакырлык менен азап-тозоктон арыла албай жатат деп айыптады. Мексиканын Канкун шаарында чогулган конференцияда Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Супачай Панитчпакди уюмга мүчө 146 мамлекеттин министрлери эл аралык соода тоскоолдуктарын өзгөртүү боюнча бир пикирге келиши зарыл деп белгиледи. Мексиканын полициясы Канкундагы жыйынды утурлай чогулган миңдеген демонстранттарды дүйнөлүк жыйын өтүп жаткан жайга өткөрбөй, жолун тосуууга аргасыз.

XS
SM
MD
LG