Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Орусия Ирак боюнча БУУнун жаңы долбооруна кошумчаларды сунуштоодо


Бириккен Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Сергей Лавров БУУ Ирак боюнча жаңы резолюцияны кабыл алууга тийиш деп билдирди. АКШ тарабынан иштелип чыккан Ирак боюнча БУУнун жаңы чечиминин долбооруна Москва өз кошумчаларын сунуштоодо. Анда Ирак маселесин чечүүдө БУУнун ролун күчөтүү каралган. Орус тарап Ирактагы коалициялык күчтөрдүн качан чыгарылаар мөөнөтү так белгиленип, ал күчтөр БУУга баш ийиш керек деген пикирде. Москва ошондой эле Ирактын эгемендүүлүгүн калыбына келтирүүнүн убакты-тартиби жана кандай бийлик системасы түзүлөөрү так белгиленишин сунуштоодо. Орусия жана Франциянын Иракта БУУга негизги ролду берүү тууралуу демилгесин Кытай колдоорун бүгүн билдирди. Келе жаткан ишемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн тышкы иштер министрлери Ирак боюнча жаңы долбоорду Женевада Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен биргеликте талкуулашат. Коопсуздук Кеңештин туруктуу мүчөлөрү: АКШ, Британия, Франция, Орусия жана Кытай.

XS
SM
MD
LG