АКШда жана дүйнө мамлекеттеринде 11-сентябрдагы террордук чабуулдун эки жылдыгы белгиленүүдө. Вашингтондо президент Жорж Буш террордук чабуулда курман болгондорду эскерип чогулгандар алдында сөз сүйлөдү: Биз курман болгондорду эстен чыгарбайбыз. Биз андагы баатырдык өлүмдү, ал каардуу күндөгү адамдардын бири-бирине көңүл буруп, жардам бергендерин унутпайбыз. 11-сентябрдагы террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүү Нью-Йоркто, Вашингтондо, Пенсильвания штатында өткөрүлүүдө.