Швециянын тышкы иштер министри Анна Линд кечээ күнү алган жарааттан бүгүн көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн премьер министри Горан Персон билдирди: Мен Швециянын тышкы иштер министри каза болгондугу тууралуу кейиштүү маалымат алдым. Ал бүгүн эртең мененки саат бештен жыйырма тогуз минута өткөндө көз жумду. Биз маркумдун жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Бул акылга сыйбаган иш болду.
Шаршемби күнү Стокгольм шаарынын дүкөндөрүнүн биринде белгисиз бир киши Анна Линдди бир нече жолу бычак менен ичке сайып жиберген эле. Анна Линд өлкөнүн евро зонасына кирүүсүн активдүү жактаган саясатчылардан эле жана бул маселе боюнча келе жаткан жекшемби күнү референдум өткөрүлөт. Анна Линд 46 жашта болчу жана анын эки баласы, жолдошу калды. Полиция кол салган кишини издөөдө.