Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Эл аралык уюм Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жакшыра электигин тастыктады


БИШКЕК. Бүгүн «Чек арасыз репортерлор» аттуу эл аралык уюм 139 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу иликтөөсүн жарыя кылды. Ага ылайык Кыргызстан тизмеде 98-орунду ээледи. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, журналисттердин ишмердүүлүгү үчүн Финляндияда, Исландияда, Канадада, Норвегияда, Францияда, Германияда жана башка Европа өлкөлөрүндө жакшы шарттар түзүлгөн. КМШ мамлекеттериндеги сөз эркиндигинин абалын иликтөөнүн жыйынтыгында жалпы тизме боюнча Тажикстан 86-орунда, Азербайжан 101, Казакстан 116-орунда болсо, Түркмөнстан 136-орунда. Бул иликтөө ар кайсы мамлекеттердин журналисттерин, юристтерин, изилдөөчүлөрүн сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Тизменин соңунда Түркмөнстан, Кытай, Түндүк Корея катталган.

XS
SM
MD
LG