Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Мыйзам чыгаруу жыйынында кызмат ордуна жооп бербеген министрлерди бошотуу тууралуу маселе коюлду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн өткөн 8 айдагы абалы тууралуу талкууну улантты. Бул күнү сөз сүйлөгөн депутаттар социалдык-экономикалык жагдайга карата урунттуу пикирлерин билдиришти. Депутат Алевтина Проненко пенсия саясатынын туура эмес жүрүп жатканын белгилеп, премьер–министрге эмгек ардагери Михаил Корсунскийге каршы доо арызын алып салууну сунуштады. Ал эми депутат Бакыт Керимбеков премьер-министрден кызмат ордуна жооп бербеген айрым министрлерди кызматтан четтетүүнү өтүнүп, иштебеген министрлик катары Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигин атады. Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн абалы тууралуу талкуу боюнча эртең токтом кабыл алынаары болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG