Айрым маалыматтар боюнча, АКШнын жүк ташуучу машинеси бузулуп, андагы аскерлер унааны оңдоого киришкенде, аларды көздөй ок жаадырылган. Күбөлөрдүн айтымында, атышуу бир сааттан узакка созулду, андагы жоготуулар тууралуу так маалымат түшө элек. Андан мурдараак америкалык командачылык бейшембиде Мосул калаасында мейманканада граната жарылып, АКШлык эки жоокер жарадар болгонун маалымдаган. Ирактын Башкаруу Кеңешинин учурдагы төрагасы Ахмед Чалаби Анкарада Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен жолугуп, түрк аскерлерин Иракта жайгаштыруу маселесин талкуулады.