Ал күнкү чабуулда кыйраган Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун имараттарынын ордунда миңдеген адамдар чогулуп, ошол теракттарда ата-энесин жоготкон 200дөй бала коогалаңдын курмандыктарынын ысымдарын тизмелеп атап чыгышты. Вашингтондо президент Жорж Буш: "Биз ал кайгылуу, азап-тозоктуу күндү, анда курман болгондорду эч качан эсибизден чыгарбайбыз", - деп белгилеп, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл АКШнын жетекчилиги алдында башталган эл аралык антитеррордук аракеттерге басым жасады. Көпчүлүк мамлекеттер 11-сентябрь күнү террорчулукту айыптаган билдирүүлөр жасашты. 2 жыл мурда Америкада болгон террордук кол салуулардан 3000ге жакын адам мерт болгон.