Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Палестиндер өз лидерин күнү-түнү кайтарууга камданууда


Израил палестин лидери Ясир Арафатты күчкө салып башка жакка кетирүү жөнүндө чечимин жарыялаганына байланыштуу Рамаллада чогулган он миңдеген палестиндер өз жетекчисине колдоо билдиришти. "Фатх" кыймылынын өкүлү палестиндер Арафаттын кеңсесин кезектешип кайтарып, Израилге каршылык көрсөтөт деп жарыялады. АКШ, Европа Биримдиги жана Мисир Тел-Авивдин чечимине каршы чыгышты. Мисирдин президенти Хосни Мубарак Арафат башка жакка айдалса, анын арты өтө опурталдуу окуяларга алып келээрин эскертти.

- Эгерде Арафат өз мекенинен айдалса, биз аны кучак жая тосуп алууга даярбыз. Бирок, бул өтө чоң калпыстык болору шексиз. Террорчулук, кол салуулар күчөп, кырдаал өтө коркунучтуу болуп кетиши ыктымал, - деди Мубарак. Ясир Арафат өзү да Израилдин чечими жарыялангандан кийин Рамалладагы кеңсесине жүздөгөн тарапкерлеринин кол чабуу, кубаттаган кыйкырык-сүрөөнү алдында кирип баратып, "мени кызматтан кетирүү Тел-Авивдин колунан келбейт", - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG