Араб жаштарынын көбү саясатка кызыгат, алар АКШнын тышкы саясатын, ал эмне үчүн Израилге жан тартаарын билгилери келет. АКШда билим алган 28 жаштагы инженер Ахмед Аббас Кувейт шаарындагы кафеде "Hi" журналын барактап отуруп, ушул оюн ортого салды. Ал эми Египетте жарык көрүүчү "Соут ал-Умма" журналындагы комментарийде 22 жаштагы Мохаммед Хишам "бул журнал саясий маселелерди козгобойт, ошондуктан америкалыктар менен арабдардын ортосундагы ажырымды бүтөөгө салым кошо албайт", - деп жазды.
Журналдын аткаруучу директору Рафаэл Калистин айтымында, журнал америкалыктардын маданияты, асыл-нарктары, жашоо ыргагы тууралуу арабдардын түшүнүгүн кеңейтүүнү максат кылат, ошондуктан анда саясат тууралуу сөз болбойт.
Аталышы латын арибинде жазылып, ичи баштан-аяк араб тилинде басылган "Hi"дын биринчи эки саны араб өлкөлөрүндө июнь, август айларында сатыкка түштү. Баасы арзан. Каирде бир доллардан аз, ага салыштырганда, жергиликтүү түстүү журналдар мындан эки эсе кымбат турат. Кувейт шаарында да ал башка арабча журналдардын орточо баасынын жарым баасына сатылууда.
Журналды чыгарууга Мамдепартамент жылыга 4 миллион 200 миң доллар бөлүүдө. Ал - АКШ өкмөтүнүн арабдардын АКШ тууралуу пикирин жакшыртып, Жакынкы Чыгыштагы демократияга жөлөк көрсөтүү максатын көздөгөн маалымдуулук өнөктүгүнүн бир гана мисалы. Бул өнөктүктүн алгачкы карлыгачы 2002-жылы обого чыккан «Сава» үналгысы болуп калган эле.
«Сава» үналгысынан негизинен араб жана англис тилинде попмузыка уга аласыз. Мамдепартамент ошондой эле араб өлкөлөрү үчүн сыналгы рекламаларын чыгарткан. Ал рекламаларда Кошмо Штаттарынын коому түрдүү расалар, улуттар ынтымакта жана эркин жашаган коом катары сүрөттөлөт.
Бул өнөктүк, азырынча, Вашингтон каалаган жыйынтыгын бере элек. «Саванын» программаларын арабдардын көбү "өтө эле жеңил" деп жактырышкан жок. Ал эми айрым өкмөттөр Мамдепартаменттин рекламаларын көрсөтүүдөн баш тартышты.
Египетте белгилүү журналист Адел Хамуда жаңы журналды коммунисттик пропагандага салыштырды. "Кытайдан, Советтер Союзунан пропагандисттик гезит-журналдар келип тураар эле. Мен аларды ачпастан, дароо ыргытчумун", - деп эскерет журналист.
Сатуучулардын сөзүнө караганда, башка арабдар деле "Hi" журналын үзүлүп түшүп окушкан жок. Каирдеги бир гезит күркөсүндө июнь айынан бери 90 журналдын 10у гана өткөн. Ливандын Сидон шаарындагы китеп дүкөндө да үч айдан бери онго жетпеген гана нуска сатылды.