Британдык офицер Вууддун маалыматтары боюнча, окуя өткөн түнү болду. Адегенде Кабулга жакын жерде германиялык жана канадалык аскер бөлүктөрү жайгашкан лагерге бир ракета келип тийген, анын соңунан экинчи ракета лагерден бир чакырым алысыраак жерге түшүп жарылган. Ооганстандын ички иштер министри Али Ахмад Жалали терроризмдин жана кылмыштуулуктун кеңири жайылышы өлкөдөгү бейстабилдүү жагдайдын башкы себеби болуп жаткандыгын билдирди. НАТО өзүнүн коопсуздук миссиясын кеңейтүү жагын караштырууда.