Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Иракта жергиликтүү сегиз полицмен набыт кетти


Дагы беш киши жарадар болду. Эл-Фаллуж шаарына жакын жердеги күзөт бекеттеринин биринде америкалык аскерлер бир нече машинаны токтотконго аракет кылышкан, алар баш бербеген соң ок атышкан. Күбөлөрдүн айтымында, жеңил машинада качып бараткан куралдуу топтун артынан ирак полицмендери кубалап келаткан. Набыт болгондордун арасында иорданиялык дагы бир согушкер бар дешет. Ушул эле күнү Рамади шаарындагы куралдуу кагылыш маалында америкалык эки жоокер окко учуп, жетөө жарадар болду.

XS
SM
MD
LG