ОШ. Ага-ини, 57 жаштагы Тамир уулу Заит жана 41 жаштагы Тамир уулу Абдулаким экөөнүн үй-бүлөлөрүндө жалпысынан 11 киши бар. Бүгүн алар Оштон Чоңалайга сапар алышты. Алар Чоңалай районунун Кызылешме кыштагындагы туугандарын караан тутуп келишкен. Экөөнүн айтымында, колдо болгон малын бүт сатып, жол киреге жаратышкан. Бирок алар Кыргызстанга көчүп келүү боюнча эч кандай документ тууралаштырган эмес. Бир туугандар «бул жагынан мындан ары Кыргызстан өзү жардам берет» деген үмүттө. Ага-ини Заит жана Абдулаким мырзалар жол кире тапса, Түркиядагы вандык кыргыздардын бир тобу Кыргызстанга көчүп келээрин айтышты. Алар Түркия өкмөтүнүн кыргыздарга көргөн камкордугуна, берген жардамына өзгөчө ыраазы экенин айтышты.