БИШКЕК. Кыргызстанда Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунун Кызылсуу кыргыз автоном облусунун партиялык уюмунун биринчи катчысы Ван Шинхуй жетектеген делегация иш сапары менен жүрөт. Кытайлык делегация Нарын, Ысыккөл, Чүй жана Ош облустарында болуп, Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштар, кыргыз-кытай ишканаларын ачуу, туризм багытында кызматташуу маселелери каралат. Кызылсуу кыргыз автоном облусунун делегациясы Кыргызстанда 15-сентябрга чейин болот. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанда Кытайдын Шинжаң уйгур автоном районунан келген делегация иш сапары менен жүрөт