Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

«Аалам» гезитин Баткен облусунун жетекчилери сотко беришти


БИШКЕК. Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаев менен анын биринчи орун басары Максат Дыйканов Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна «Аалам» гезитине каршы доо арыз беришти. Соттук териштирүү 16-сентябрда судья Гүлжан Есеналиеванын төрагалыгында өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» бүгүн «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев маалымдады. 22-апрелде «Аалам» гезитинин № 30-санында Баткен облусунун Актурпак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Шералы Осмоновдун «Айбалаев Рим папасы болуп кеткени чын окшойт» аттуу макаласы жарык көргөн. Мамат Айбалаев менен Максат Дыйканов макаланы «жарандык арнамысыбызга доо кетирди» деп баалашкан. Доогерлер «Аалам» гезитинен жана гезиттин башкы редактору Чолпонбек Абыкеевден моралдык чыгым үчүн 10 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүп, сотко доо арыз жолдошкон.

XS
SM
MD
LG