БИШКЕК. Кыргызстанда инсулин дарысынын буга чейин камдалган кору бир жарым айга гана жетет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Инсулин дарысы менен камсыз кылуучу фирмаларга Кыргызстан 32 млн. сом карыз болгондуктан, министрлик менен кызматташкан фирмалар бул дарыны алып келүүдөн баш тартышууда. Мындай жагдай кант диабет оорусу менен ооруган адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирет. Ага жол бербеш үчүн Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик казынадан бөлүнгөн акча каражатын төлөп берүүнү өтүнүп, алдын-ала өкмөткө, Финансы министрлигине кайрылган. Бирок өкмөт жана Финансы министрлиги тарабынан жардам болгон эмес. Азыр Кыргызстанда кант диабет оорусу менен 16 миң адам ооруйт. Алардын 154ү балдар. Кыргызстандагы ар бир оорулуу айына 20 долларлык инсулин дарысын колдонот. Ал эми дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кант диабет оорусу менен ооругандарды мамлекет каржылап, көзөмөлдөп турат.