Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы жөнүндө токтом кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу премьер-министр Николай Танаевдин маалыматын угуп бүтүп, токтом кабыл алды. Токтомго ылайык республикадагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртыш үчүн конкреттүү чараларды көрүү өкмөткө тапшырылды. 8-сентябрдан тартып Мыйзам чыгаруу жыйынында өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы талкууланган отурумдарда өкмөттүн ишине карата ар кандай сын-пикирлер айтылды. Депутаттар өкмөт өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууда тиешелүү аракет көрбөй келгенин, натыйжада экономикалык өсүш төмөн болуп жатканын белгилешкен. Ошону менен катар өкмөт өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту сактоодо, бюджетке салык жыйноодо, тышкы карыздарды реструктуризациялоодо бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзгөнү да айтылган. 15-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын бүгүнкү токтомун аткаруу боюнча өкмөттүн атайын жыйыны болот. Токтомдун аткарылышын Мыйзам чыгаруу жыйыны ноябрь айында карайт.

XS
SM
MD
LG