Беларус президенти Александр Лукашенкo кечээ Орусия, Украина жана Казакстан менен бирге Жалпы экономикалык мейкиндик түзүү жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу тууралуу жардыгын жарыялады. Украинанын президенти Леонид Кучма жаңы биримдик Украинанын айыл-чарба жана жеңил өнөр жай товарларын сатууга кеңири мүмкүндүк ачат деп белгиледи. Киевдеги социологиялык изилдөө борборунун маалыматына караганда, украиналыктардын 70% өлкөнүн Орусия, Беларус жана Казакстан менен экономикалык биримдикке киришин колдойт.