Лондондогу Гэтвик аэропортунда өткөн түнү полиция терминалдын жанында "шектүү машине" токтоп турганын аныктаган соң аэропорттун бир бөлүгүн жаап, адамдарды эвакуациялоого аргасыз болду. Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 9га жакын "шектүү унаа" жөнүндө кабар түшөөр замат, аэропортто эскертүү сигналы чуулдап баштаган. Британ жетекчилери ал жерге барчу жолдорду жаап, аба кызматтарынын ишин токтотуп, атайын аскерлер барып, ээсиз турган машинени башка жакка алып кеткенче Гэтвик аэропортунун бир бөлүгү жабылып турду. Бул окуя учактарды террорчулар айдай качып жардырган АКШдагы 11-сентябрдагы кыйракандан эки жыл өткөндүн эртеси орун алды.