Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

АКШ Ливияга каршы санкцияларын жойгон жок


Вашингтондун өкүлү билдиргендей, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ливияга каршы эл аралык санкцияларды алып салганы – Кошмо Штаттар Ливиянын өкмөтү менен саясатын кабыл алганын туюндурбайт. Американын Бириккен улуттардагы элчисинин орун басары Жеймс Каннинхэм буларга токтолду:

- АКШны Ливиянын жүргүзгөн саясаты, анын ичинде адам укуктарынын начар абалы, демократиялык нормалардын сакталбаганы, террорчуларды көкүткөнү жана эң башкысы – опурталдуу курал-жаракка ээ болууга умтулганы терең тынчсыздандырууда.

Вашингтондук дипломат азыр да Ливия террорчуларга колдоо көрсөтүп жаткандыктан, ага каршы АКШ киргизген экономикалык чектөөлөр күчүндө калтырылганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG