Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Ирандын өзөктүк программасынын тегерегиндеги соңку билдирүүлөр


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) жетекчиси Ирандын өзөктүк программасын текшерүү маселесине өтө чечкиндүү мамиле жасалаарын билдирди. МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадейи бул иште Тегерандын өзөктүк программасына көмөктөшкөн өлкөлөрдүн да жардамы талап этилээрине басым жасады.

- Биз Ирандын өзөктүк программасын өтө дыкат көзөмөлдөө боюнча чечкиндүү чараларды көргөн жатабыз. Бул иште Иранга колдоо көргөзгөн өлкөлөрдүн жардамы зарыл, аларды аныктап, керектүү маалыматтын баарын чогултарыбызга ишенем.

АКШнын мамлекеттик департаменти МАГАТЭ Иран боюнча добуш бергенде Тегерандык делегация эшикти жаап чыгып кеткени - Ирандын айрым көмүскө иштери бар экенин айгинелейт деп билдирди. Жума күнү МАГАТЭ Иранды 31-октябрга чейин өзүнүн өзөктүк программасы боюнча толук отчет берүүгө милдеттендирген резолюция кабыл алган.

XS
SM
MD
LG