Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Бүгүн Ыссыккөлдө Медиа-кеңеш түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды


КАРАКОЛ. Бул иш-чарада массалык маалымат каражаттары менен жарандык коомдун карым-катнашы тууралуу маселе каралды. Ага президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бѳлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Темирбек Акматалиев, массалык маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү, облустук басылмалардын редакторлору катышты. Иш-чараны президенттин басма сѳз катчысы Адил Сегизбаев ачты. Конференциянын катышуучулары Медиа-кеңештин долбоорун талкуулашты. Иш-чаранын соңунда анын катышуучуларынын колдоосу менен Медиа-кеңеш түзүлүп, анын 9 адамдан турган мүчѳсү шайланды.
Буга чейин Медиа-кеңеш түзүү демилгеси бир катар бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарынын кайчы пикирлерин жараткан. Медиа-кеңештин негизги максаты -маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, журналисттердин укуктарын коргоо жана маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын чыңдоо болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG