Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:56

АКШ Иракка келээрки жылы эгемендүүлүк берүүнү караштырууда


Жекшемби күнү Иракка келген АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтондун негизги максаттарынын бири Ирактын жаңы конституциясын түзүү жана ал аркылуу бул өлкөдө демократиялык коомду куруу деп билдирди: - Биз Ирак калкы мыйзамдуу өкмөткө ээ болушун каалайбыз. Легитимдүү өкмөт конституция болгондо түзүлөт. Ал эми конституцияны эл кабыл алыш керек. Ошондуктан конституцияга ээ болгондон кийин, Ирак эли шайлоо аркылуу легитимдүү өкмөттү түптөп алат.
Мамлекеттик катчынын айтымында, эгерде Иракта коопсуздук кырдаалы мүмкүнчүлүк берсе, эмки жылдын аягында өлкө эгемендүүлүккө ээ болот. Ал эми азыркы кезде Иракта АКШлык аскерлерге кол салуу уланууда. Фаллужа шаарында кечээ бомба жардыруудан бир АКШлык аскер набыт, кеминде үчөөсү жарадар болду.

XS
SM
MD
LG