Жекшембидеги референдумда евро зонасына кирүүгө швед калкынын көпчүлүгү каршы добуш бергенине карабастан Швеция евро зонага кирүүнү дагы ойлонуштурат деп үмүттөнөбүз, - деп билдирди Европа Биримдиги. Өткөн күнү өткөрүлгөн референдумда добуш берүүгө катышкан 81% шайлоочунун 56% евро зонага кошулууга каршы, 41% макул деп добуш берген. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер Швециядагы добуш берүүнүн жыйынтыгы үмүттү актабаганын айтып, бирок бул өлкө келечекте евро зонага кирүүнү чечет, анткени андан Европа да, Швеция да утушка ээ болот, - деп билдирди. Евро 1999-жылы киргизилген жана ал Биримдиктин 12 мамлекетинде иштеп жатат.