Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Эртең Мыйзам чыгаруу жыйынында Эмгек кодексинин жаңы долбоору талкууланмак болду


БИШКЕК. Эртең Мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөт жетекчилеринин катышуусу менен Эмгек кодексинин жаңы долбоорун талкуулаган «тегерек үстөл» жыйыны өтөт. Жыйында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин, эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарованын, депутат Адахан Мадумаровдун жана Ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрүнүн сөз сүйлөшү күтүлөт. Талкууга президенттик администрациянын, өкмөт аппаратынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышат. Жаңы кодексте кызматчыны жумушка алууну жана бошотууну жөнөкөйлөтүү, ишканалардын ишине профсоюздардын кийлигишүүсүнө чек коюу, кызматчы менен кызмат берүүчүнүн ортосундагы талаш-тартышты соттук териштирүү сыяктуу жоболор бар. Бул туурасында Мыйзам чыгаруу жыйынынын басма сөз кызматы маалымдады.

XS
SM
MD
LG