Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Баткен облусунун жетекчилиги Тажикстандын Согд облусунун башчысына кат жөнөттү


БАТКЕН. Бул каттын жазылышына айрым бажы бекеттеринде Тажикстандын бажы жана тартип коргоо кызматкерлери Кыргызстандын автоунааларын эч себепсиз узакка кармап, акча талап кылып жатканы себеп болгон. Бул тууралуу маалымат бүгүн облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн алынды. Анын маалыматына караганда, 9-сентябрда Лейлек району менен Тажикстандын Гафуров районунун чегиндеги «Овчи кылычи» бажы бекетинде Насиров аттуу тажик милиционери Баткен облакимчилигинин кызматтык автомашинасын бардык документтери жайында болгонуна карабай, эч себепсиз жарым сааттай кармап, өтүп кетиши үчүн акча талап кылган. Бул машинада облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы баштаган адамдар болгон. Баткен облусунун жетекчилиги өз катында тажик тарапты аты аталган милиция кызматкерине чара көрүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы мындай аракеттерди тыюуга чакырган.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG