Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетине байланышкан чыр соңуна чыга элек


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча кыргыз комитети эл аралык коргоого муктаж. Бүгүн чет өлкөлүк жыйырмадан ашуун укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү ушундай мазмундагы билдирүү таратышты. Алардын арасында Түркмөнстан, Кыргызстан, Түркия, Франция, Индонезия, Орусия, Кытай өңдүү өлкөлөрдүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү бар. Бул билдирүүгө караганда, Юстиция министрлиги Рамазан Дырылдаев башында турган уюмду жоюп, аны өкмөт колдогон Болот Тыналиевдин атынан кайрадан каттоодон өткөргөнү жатат. Бирок бүгүн Юстиция министрлигинен алынган маалыматка караганда, уюмду каттоо же кайра каттоо тууралуу эки тараптан тең арыз түшө элек. Министрдин орун басары Нурлан Алымбаевдин айтымында, «Юридикалык тараптарды каттоодон өткөрүү тууралуу» мыйзам боюнча уюмдун ички документтери өлкөнүн мыйзамына кайчы келген шартта гана аны кайра каттоо зарылдыгы пайда болот. Ал эми Болот Тыналиев өткөн аптада «Азаттык» радиосуна өзү жетектеген комитет каттоодон өткөнү жатканын, ага байланышкан тийиштүү документтер Юстиция министрлигине тапшырылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG