БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык Нарын облусунун Нарын райондук администрациясынын башчысы Амангелди Кенжетаев башка жумушка которулганына байланыштуу кызматтан алынып, анын ордуна Сактанбек Паязов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады.