Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Өкмөт башчысы Жогорку Кеңештин айрым сунуштарын аткарууну өкмөт мүчөлөрүнө тапшырды


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин катышуусунда өкмөт мүчөлөрүнүн жыйыны болду. Анда буга чейин Жогорку Кеңештин палаталары тарабынан өкмөткө берилген сунуш-талаптардын аткарылышы жана жаратылыш кырсыгынан жабырланган аймактарга жардам берүүнүн жыйынтыгы каралды. Жыйындын соңунда өкмөт башчысы быйыл 6-октябрга чейин Жогорку Кеңештин бюджеттен кошумча каражат жумшалбай турган сунуш-талаптарын толук аткарууну өкмөт мүчөлөрүнө тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, буга чейин өкмөткө Мыйзам чыгаруу жыйынынан ар кандай сунуш-талаптарды камтыган 25 токтом, Эл өкүлдөр жыйынынан 22 токтом келип түшкөн.

XS
SM
MD
LG