Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Израил палестин лидери Ясир Арафатты бийликтен кетирүү планына тактык киргизди


Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом бүгүн билдиргенге караганда, Палестинанын лидери Ясир Арафатты бийликтен кулатуу жөнүндөгү Израил өкмөтүнүн чечими токтоосуздан ишке ашырылбайт.
Өткөн жумада Израилдин коопсуздук кеңеши Арафатты бийликтен кетирүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирип, бирок анын мөөнөтүн жарыялаган эмес.
Израилдин вице-премьери Ехуд Олмерт кечээ күнү Арафатты бийликтен четтетүүнүн бир жолу аны өлтүрүү деген болчу. Бирок, Шаломдун айтышынча, адам өлтүрүү Израилдин саясаты эмес.

Арафат бүгүн Рамалладагы баш кеңсесинде өз колдоочуларына кайрылуу жасап, аларга “араб дүйнөсүн коргогону” үчүн алкыш айтты:

- Силер араб дүйнөсүн коргоп жатасыңар. Силер биздин Ыйык жайларды, христиан жана мусулман жайларын коргоп жатасыңар.
Кудай кааласа, биздин балдарыбыздын бирөөсү Палестинанын туусун Иерусалимдин дубалына илет.


Ал эми “ал-Фатх” кыймылынын мүчөлөрү Арафаттын кеңсесинин бет алдына лагерь курушуп, Израилдин непада кол салуусуна каршы тирүү калканч болобуз деп касам ичишти.

XS
SM
MD
LG