Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:08

Ингушетиядагы жардыруу


Дүйшөмбү күнү Ингушетиянын борбору Магас шаарында жайгашкан Орусия Федералдык Коопсуздук Кызматынын имараты жардырына бомба чабуулу жасалды. Андан эки адам набыт болуп, 25 кишинин жарадар болгону кабарланууда. Жарадарлардын арасында Федералдык Коопсуздук Кызматтын Ингушетия боюнча башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Андрей Буских жана Чеченстан боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Михаил Сафонов да бар. Маалыматка караганда, жанкечти «Газ-53» маркасындагы автоунааны атайын кызматтын имаратынын алдында жардырган. Жардыруу ким тарабынан уюштурулгандыгы тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Ингуш бийлиги окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG