АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл дүйшөмбү күнү Иракка сапарын аяктап, Кувейтке келди. Ал сапарынын акырында Ирактын түндүгүндөгү Халабжа шаарында болду. Бул жерде 1988-жылы химиялык куралды колдонуудан 5 миң күрт набыт болгон эле.
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирак боюнча Коопсуздук Кеңештин мүчөлөрүнүн ортосундагы карама-каршылык олуттуу эмес, анткени алардын баары Иракка тезирээк эгемендүүлүк берүүнү жактай деп билдирди.
Иракта дүйшөмбү күнү белгисиз адамдардын чабуулунан бир АКШлык аскер набыт болду.