ЗАГРЕБ. Хорватиянын полициясы 336 килограмм кокаинди колго түшүрдү. Хорватиянын Хина кабар агенттигинин маалымдашынча, аткесчилер өлкөнүн Адриатика кылаасындагы Ровинж деген жерде кармалган. Алардын үчөө - хорват жана бирөө - словен улутундагы адамдар болуп чыкты. Колго түшүрүлгөн маңзаттын көчөдө сатыла турган чекене баасы 14 миллион 600 миң долларга барат. Түштүк Америкадан алынып келаткан кокаинди Хорватия, Словения жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүндө сатуу пландаштырылган экен.