ЖАКАРТА. Индонезиянын соту Балидеги терактка катышы бар адамдын өлүм жазасын күчүндө калтырды. Апелляциялык сот Балидеги жардырууну уюштурганга катышкан деп айыпталып, августта өлүм жазасына кесилген Амрози Бин Нуркасымга чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Амрозинин адвокаты Вираван Аднан жети күндүн ичинде соттун бул чечимине каршы апелляциялык арыз менен Индонезиянын Жогорку сотуна кайрыла тургандыгын билдирди. Индонезиянын Бали аралында 12-октябрдагы жардыруудан 202 киши курман болгон.